
Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасы менен Квалификацияны жогорулатуу борбору биргелешип уюштурган “Педагогика жана психология” багытындагы 144 сааттык кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды.
12-июнда Анжиян мамлекеттик чет тилдер институтунун коомдук-гуманитардык илимдер, педагогика жана психология кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамына сертификаттар тапшырылды.
Анжиян мамлекеттик чет тилдер институтунда уюштурулган иш-чарага доцент Гулмира Жутанов катышып, сертификаттарды тапшырды. Ал эми ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Ташболот Жороев онлайн катышты. Жалпысынан 14 окутуучу ОшМУдан кесиптик чеберчилигин жогорулатып, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.
Жыйын соңунда Анжиян мамлекеттик чет тилдер институтунун кафедра башчысы Акрам Тешебаев ОшМУнун педагогика кафедрасына жана борборго ыраазычылык билдирип, мындан ары да тыгыз кызматташууга үмүт артарын белгиледи.