
12-13-июнда ОшМУнун Аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан аспиранттар, докторанттар жана изденүүчүлөр үчүн жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин “Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы” аттуу тренинг-семинары өткөрүлдү.
Окутууда “Илимий эмгектерди даярдоо жана басылмаларга жарыкка чыгаруу”, “РИНЦ, Scopus, Web of Science системаларына макалаларды даярдоонун жана жарыялоонун өзгөчөлүктөрү”, “Диссертация жазуу жана аны коргоого сунуштоо”, “Илимий кызматкерлерди китепканалык жактан тейлөөнүн оптималдуу формалары”, “Илимий гранттарды алуу үчүн долбоорлорду түзүү жана аны ишке ашыруунун жолдору” деген темаларда баяндамалар жасалды.
Андан сырткары Кыргыз улуттук илимдер академиясынын (КУИА) мүчө-корреспондеттери — профессорлор Таасилкан Жумабаева, Гүлбадан Матиева жана Абдыракман Ешиев тарабынан профилдик багыттар боюнча лекциялар окулуп, мастер-класстар өткөрүлдү.
"Тренинг-семинарда илимий-изилдөөлөрдүн методологиясынын алкагында аспиранттар, докторанттар, изденүүчүлөр үчүн пайдалуу жана зарыл болгон материалдар инновациялык технологиялардын жардамы менен окутулду", –деди жайкы мектептин уюштуруучусу, Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси Гүлжамал Анарбаева.
Жаш окумуштуулардын жайкы мектеби ОшМУда жыл сайын өткөрүлүүчү салттуу иш-чаралардын катарына кирет.