ОшМУнун делегациясы Павлодар педагогикалык университетинде тажрыйба алмашып келди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун делегациясы Павлодар педагогикалык университетинде тажрыйба алмашып келди

Image

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун эл аралык байланыштар боюнча директордун орун басары Айназик Боронбаева баштаган делегация 4-июндан 11-июнга чейинки аралыкта Казакстандагы Өлкей Маргулан атындагы Павлодар педагогикалык университетинде тажрыйба алмашты. 

Делегация университеттин жетекчилиги менен жолугуп, инклюзивдик билим берүү багытындагы ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал эми жыйынтыктоочу тегерек столдо бир катар негизги багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу жетишилди. Алардын катарында биология, ага тиешелүү багыттар, орус тили жана адабияты, англис тили боюнча биргелешкен билим берүү программаларын ачуу, студенттер, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу, чек арага жакын жайгашкан жаратылыш аймактарында биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү,  эл аралык гранттар жана илимий конференцияларга катышуу каралган.

Павлодар педагогикалык университети республикадагы педагогикалык жогорку окуу жайларынын арасында 3-орунду ээлеп, өлкөдөгү мыкты 10 педагогикалык университеттин катарына кирет.

 

Фото галерея