Ондон ашуун окутуучу робототехника жана жасалма интеллект багытында билимин жогорулатууда

Башкы Жаңылыктар

Ондон ашуун окутуучу робототехника жана жасалма интеллект багытында билимин жогорулатууда

Image

ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун 15 окутуучусу робототехника жана жасалма интеллект багыты боюнча билимдерин жогорулатууда.  

23-июнда илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор Элзарбек Эшаров жана институттун директору Бектур Азимов окуу процессинин жүрүшү менен таанышып келди.

Окутуу ОшМУнун Next Generation Hubында өтүүдө. Аны Кытайдын алдыңкы Hyubo Robotics компаниясынын инженерлери жана Цзамусы университетинин тажрыйбалуу профессорлору жүргүзүүдө. Курстан ийгиликтүү өткөн окутуучулар Hyubo Robotics компаниясынын роботтору жайгашкан дүйнөнүн каалаган бурчунда иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Андан сырткары башка өлкөлөрдө өткөрүлүүчү квалификациялык курстарда мастер-окутуучу катары тажрыйба бөлүшүүгө жол ачылат.

Аталган курс окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатып, аларды дүйнөлүк стандарттарга шайкеш адис катары даярдоону максат кылат.

Курстун биринчи деңгээли ушул жылдын январь айында болгон. Андан ийгиликтүү өткөн окутуучулар 16-июндан 30-июнга чейин экинчи деңгээлден өтүшүүдө.


 

Фото галерея