Тарых-юридика институтунун жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасы менен Квалификацияны жогорулатуу борбору биргелешип уюштурган “Борбордук Азиянын тарыхы жана тарыхты окутуунун заманбап усулдары” багытындагы 144 сааттык кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды.
24-июнда Анжиян мамлекеттик университетинин Тарых факультетинин тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамына сертификаттар тапшырылды.
Аземге Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Ташболот Жороев, курсту алып барган Тарых-юридика институтунун жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын профессору Турдумамат Кадыров, доцент Нурабидин Маразыков, доцент Гүлзада Жумашова катышты. Жалпысынан жети окутуучу ОшМУдан кесиптик чеберчилигин жогорулатып, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.