2025–2026-окуу жылына карата ОшМУда абитуриенттерди кабыл алуу процессинин сапатын жогорулатуу максатында кабыл алуу комиссиясы тарабынан окуу курсу уюштурулду. Анда институт, факультет, колледждерден дайындалган техникалык катчылар 72 сааттык окутуудан өтүштү.
Окутуу учурунда техникалык катчыларга электрондук система менен иштөө, талапкерлердин документтерин кабыл алуудагы тактык жана ыкчамдык, ошондой эле абитуриенттерге көрсөтүлө турган кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган практикалык көндүмдөр үйрөтүлдү.
Окуу курсунда кабыл алуу комиссиясынан Ибрагим Атабаев, Нурлан Жээнбаев жана Айтибек Абдирасуловдор теориялык жана практикалык билимдери менен бөлүштү.
Бул окуу курсу ОшМУнун кабыл алуу процессинде ачыктыкты, тактыкты жана заманбап мамилени камсыз кылууга багытталган.