Кабыл алуу комиссиясынын кызматкерлерине укуктук жана тартиптик кеңештер берилди

Башкы Жаңылыктар

Кабыл алуу комиссиясынын кызматкерлерине укуктук жана тартиптик кеңештер берилди

Image

2025–2026-окуу жылына карата кабыл алуу өнөктүгү алдында ОшМУда кабыл алуу комиссиясынын кызматкерлерине коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында атайын жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага университеттин юристи жана коопсуздук кызматкери катышып, кызматкерлерге укуктук жана тартиптик кеңештер берилип, коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган мыйзамдар кеңири түшүндүрүлдү жана талкууланды.

Жыйындын соңунда суроо-жооп уюштурулуп, кызматкерлер өздөрүн кызыктырган укуктук суроолорго жооп алып, кабыл алуу маалында этикалык жана мыйзам чегиндеги жүрүм-турум боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты.

Фото галерея