Теология факультетинин доценттери Н. Арипов, З. Ажимаматов жана А. Жусубалиев Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында чек ара кызматкерлерин диний агартуу боюнча окутуудан өткөрдү.
Семинар беш күнгө созулду. Анда экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологиясынын таасирине каршы туруштук берүү боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле ислам дининин тарыхы, хадистердин жана аяттардын мааниси, агымдардын айырмачылыктары, радикалдуу кыймылдар тууралуу айтылды. Окуу учурунда аскер кызматкерлери экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө диний билимдин орду тууралуу кеңири маалыматка ээ болуп, практикалык жагдайларды да талкуулашты.
Иш-чараны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын тарбия иштер башкармалыгы жана эл аралык кызматташуу башкармалыгы биргеликте уюштурду. Ага Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) колдоо көрсөттү.
Семинар эки этап менен уюштурулуп, биринчи этабы Ош шаарында өткөрүлгөн болчу. Ал эми экинчи этап аймактардагы тарбия иштер бөлүмдөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына багытталды. Максат – коомдо кеңири тараган ар түрдүү диний агымдарды таанып-билүү, алардын ислам дининин негиздерине канчалык туура келерин талдоо жана жаш жоокерлерди диний радикализмден коргоо.