Ормонкулов Тагайбек Топчубаевич (1963 – 2025)
Өлкөбүздүн билим берүү, ветеринария тармагы оор жоготууга учурады. ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин доценти, ветеринария илимдеринин кандидаты Тагайбек Ормонкулов 2025-жылдын 11-август күнү 62 жашында мезгилсиз дүйнө салды.
Тагайбек Ормонкулов 45 жылдык өмүрүндө Алай районунда мал чарбачылыгында жана ОшМУда өткөрүп, ветеринария тармагында жана университеттин өнүгүү тарыхына өзгөчө из калтырды.
Жаштарга жол көрсөтүп, студенттерге билим, тарбия берүү менен ветеринария тармагында көп жыл бою үзүрлүү эмгектенген.
Тагайбек Ормонкулов 1963 - жылы 16-мартында Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулган. 1980-жылы орто мектепти аяктагандан кийин, алгачкы эмгек жолун 1980-жылы Алай райондук малдарды дарылоо станциясында ветеринардык санитары болуп баштаган. 1981-1983-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1984-1990-жылдары Орусиянын Иванов шаарындагы Айыл чарба институтуна тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. 1990-жылдан тартып Алай районунун “Правда” совхозунда ветеринар врачы, ага ветеринар врачы, андан кийин райондук малдарды дарылоо станциясында башкы ветеринар врач, бөлүм башчы болуп эмгектенген.
1992-жылдан тартып Ош мамлекеттик университетинде спорт клубунун төрагасы, 1994-жылдан Табият таануу жана география факультетинин айыл чарба кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, 2017-жылдан зоология жана жалпы экология, айыл чарба, ветеринариялык медицина жана биотехнология кафедраларында доценттик кызматта, 2021-жылдан бери STEM инновациялык колледжинде эмгектенген.
35 илимий макаланын жана усулдук колдонмолордун автору.
2015-жылы 25-сентябрында Бишкек шаарында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде ветеринария илими боюнса кандидаттык диссертациясын коргогон.
Өлкөнүн айыл чарбасындагы жана педагогикалык мыкты ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын “Алкыш” баракчасы, КРнын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин, Ош облустук билим жана илим кызматкерлеринин, Ош шаардык Кеңешинин, ОшМУнун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Билим берүү, ветеринария тармагында белгилүү ишмер, илимпоз өз ишинин чыныгы устаты, агартуу чөйрөсүндө жогорку кадыр-баркка ээ болгон кесиптешибиз Тагайбек Ормонкуловдун жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Маркумдун жакындарына ОшМУнун ректораты жана эмгек жааматы терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.