ОшМУда англис тилин окутуунун заманбап ыкмалары боюнча окутуу өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда англис тилин окутуунун заманбап ыкмалары боюнча окутуу өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетин англис тили окутуучулары “Биргелешкен методдорду колдонуу менен англис тилин окутуу усулдары” деп аталган окутуудан өтүштү.
Тренинг 14-августта ОшМУда уюштурулду. Ага Улуу Британиядан атайын чакырылган коноктор — Питер Эванс, Жозефина Эванс жана Натаниэль Эванс катышты. Алар англис тилин үйрөтүүнүн эффективдүү ыкмалары, методологиясы тууралуу баалуу маалыматтар менен бөлүшүп, өз тажрыйбаларын сунушташты.  
Окутуунун алкагында ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун чет тилдер жана маданият аралык байланыштар кафедрасынын доценти Тотукан Дыйканбаева, профессор Венера Сабирова жана окутуучу Өктөмкан Мамашева тарабынан кошумча практикалык мастер-класстар көрсөтүлдү.  
 “Улуу Британиядан келген Питер жана Жозефина Эванс Лондондогу майыптыгы бар адамдардын борборунда иштешет. Питер мырза 2002-2008-жылдары ОшМУда эмгектенген. Бул жолу да катышуучуларга пайдалуу, практикалык тажрыйбаларды сунушташты”, — дейт Венера Сабирова.

Фото галерея