Ош шаарында өтүп жаткан «Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим» август педагогикалык форумунда Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында мектептер менен ЖОЖдордун өз ара аракеттешүүсү тууралуу баяндама жасады.
Ал жогорку окуу жайлар мектеп реформасын колдоо менен гана чектелбестен, тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө иштей ала турган, атаандаштыкка жөндөмдүү болгон жана заманбап ой жүгүрткөн адистерди даярдоого милдеттүү экенин белгиледи.
«Биринчи бүтүрүүчүлөр 2028-жылы күтүлүп жаткан мектептик билим берүүнүн жаңы системасына биротоло өтүү менен педагогикалык дисциплиналарды, психологияны, предметтерди окутуу методикасын жана педагогикалык практиканы окутуу бир жарым жылды камтыган магистратурага которуунун эсебинен бакалавриатта окуу мөөнөтү үч жылга чейин кыскарышы мүмкүн. Ошентип, окуу мөөнөтү азыркыга салыштырмалуу анчалык көбөйбөйт. Мындан тышкары магистратура мугалим болууну каалаган бакалавр даражасын аяктаган бүтүрүүчүлөрдү гана күтпөстөн, педагогикалык эмес багыттагы бүтүрүүчүлөр үчүн мугалимдерди даярдоо боюнча билим берүү программаларын ишке ашыра алат. Ошентип, программист мугалимдик дипломду алып, мектепте информатикадан сабак бере алат же педагогикалык дисциплиналар боюнча магистратураны аяктаган юрист коом таануу сабагынан сабак бере алат. Эгер, жаңы окуу жылынан баштап магистратуранын бул моделине өтсөк, анда бакалавриатты бүтүргөндөр окуу жайда иштей албай калышат. Башкача айтканда, мындай жобо мыйзамда бекитилиши керек», – деди ректор.
Ал эми ОшМУнун аймагында билим берүү тармагындагы жетишкендиктердин көргөзмөсү ачылды. Мында STEM/STEAM долбоорлору, санариптик платформалар, педагогикалык инновациялар, ошондой эле инклюзивдик билим берүүнүн ийгиликтүү тажрыйбалары көрсөтүлдү. Форум эртең да уланат. Эки күндүн ичинде катышуучуларды панелдик талкуулар, секциялык отурумдар жана Оштогу мектептерге, бала бакчаларга, лицейлерге практикалык экскурсиялар күтөт.