ОшМУнун жаш тарыхчылары эл аралык жайкы мектепке катышып жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун жаш тарыхчылары эл аралык жайкы мектепке катышып жатат

Image

Өзбекстандагы Өзбекстан илимдер академиясынын Тарых институтунда жаш тарыхчылардын IV эл аралык жайкы мектеби өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан келген 100дөн ашуун тарыхчылар катышууда.

Алардын катарында Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунун окутуучулары, жаш тарыхчылар Нурсултан Кубанычбек уулу, Муратали Маманов жана Улукмырза Эрмекбай уулу бар.

Жайкы мектеп 17-августтан 24-августка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында семинар-тренингдер, тегерек столдор, илимий талкуулар жана маданий программалар болот. Иш-чара жаш тарыхчыларды бириктирүү, илимий байланыштарды чыңдоо жана түрк дүйнөсүнүн тарыхын изилдөөгө болгон кызыгууну арттыруу максатында уюштурулган. 

 

Фото галерея