Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдыгы белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдыгы белгиленди

Image

21-августта Ысык-Көлдөгү «Чайка Ресорт» пансионатында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык форум өттү. Анын алкагында Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кесиптик бирлик уюмдары менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюу, тематикалык тегерек столдор, тажрыйба алмашуулар орун алды.

Иш-чарага Түркия, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Азербайжандан эл аралык делегациялар келди.

Кыргызстандын министрликтеринин өкүлдөрү, Кесиптик бирликтер федерациясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, кесиптик бирдик кыймылынын ардагерлери, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери жана активисттери катышты. Иш-чарага катышкан ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров жана кесиптик бирликтин мурдагы төрагасы Абдижапар Аккулов “Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине 100 жыл” төш белгиси менен сыйланышты.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги 1925-жылы негизделген. Бүтүндөй бир кылым бою мугалимдердин, билим берүү уюмдарынын жана илимий кызматкерлердин укуктарын ишенимдүү коргоп келет.

Фото галерея