Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев:
“Ош мамлекеттик университетинин футболчулары акыркы учурда абдан мыкты жетишкендиктерди көрсөтүүдө. Силердин оюнуңар мага жакты. Азаматсыңар, куттуктаймын. Буга чейинки оюндарда өлкөнүн мыкты деген клубдарын уттуңар. Мындан ары да мыкты оюн жүргүзүшүңөргө тилектешмин.
Футбол чоң эмгекти талап кылат. Оор түйшүгүнө чыдагандар гана чыныгы футболчу болот. Чыныгы футболчу болушуңарды каалаймын”.
Белгилей кетсек, 23-августта Өзгөн шаарында Зулпукар Ормонов атындагы спорттук комплекстин ачылышында Премьер-лиганын 18-тур оюну өттү. Анда «Өзгөн» жана «ОшМУ» командалары беттеш өткөрдү.
Беттеште “ОшМУ” командасы 0:1 эсеби менен жеңишке жетти. Жалгыз голдун ээси, «ОшМУ» командасынын футболчусу Бакытбек Мирзалим уулу беттештин "мыкты оюнчусу болду.
“ОшМУ” кесипкөй футбол клубу өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын ичинен түптөлгөн жалгыз клуб.