(1953-2025)
Ош мамлекеттик университетинин доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, көрүнүктүү окумуштуу, тажрыйбалуу педагог, мыкты уюштургуч, илим жана билим берүү тармагына зор салым кошкон Авазбек Асанов оорудан улам 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Авазбек Раимжанович 1953-жылы 13-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Согот айылында жарык дүйнөгө келген. Бүткүл өмүрүн билим берүү жана илим тармагына арнаган агартуучу катары белгилүү эле. 1969–1973-жылдары Ош педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУ) физика-математика факультетин ийгиликтүү аяктап, кесиптик эмгек жолун ошол эле факультетте математика мугалими болуу менен баштаган.
1973–1978-жылдары Кара-Суу районундагы Н.К. Крупская атындагы орто мектепте математика мугалими болуп эмгектенген.
1978–1981-жылдары Ош педагогикалык институтунун педагогика факультетинде окутуучу, 1981–1984-жылдары аталган факультетте декандын тарбия иштери боюнча орун басары, 1984–1988-жылдары декандын окуу иштери боюнча орун басары болгон. 1988–1991-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын математика институтунда аспирантурада билим алган.
1991–1993-жылдары ОшМУда улук окутуучу, 1993–1998-жылдары Теология факультетинин деканы болуп эмгек жолун улаган.
1998–2001-жылдары университетте тышкы байланыштар боюнча проректор, 2001–2003-жылдары илимий иштер боюнча проректор, 2005–2009-жылдары сырттан окуу боюнча проректор кызматтарын аркалаган. 2009–2010-жылдары Бизнес жана менеджмент факультетинин милдетин аткаруучу, 2010–2015-жылдары факультеттин деканы, 2016–2017-жылдары ОшМУнун ректорунун кеңешчиси болгон. 2017–2020-жылдары Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы кызматында иштеген. 2020-жылдан тарта өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин бизнес-информатика жана экономикадагы математикалык методдор кафедрасында доцент болуп студенттерге, жаш окутуучуларга билими, тажрыйбасы менен бөлүшүп келген.
Коомдук иштерге да активдүү катышып Ош шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон.
Асанов Авазбек Раимжанович өмүр бою өз ишине берилген, жоопкерчиликтүү, талапчыл жана мекенчил инсан катары көптөгөн шакирттерди тарбиялап, илим-билимге зор салым кошкон. Анын артында калың элдин, кесиптештеринин жана окуучуларынын терең сый-урматы калды.
Устат агайыбыздын жаркын элеси аны менен бирге иштеген кесиптештеринин, окуткан студенттеринин, окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Авазбек Асанов агайдын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
ОшМУнун ректораты, Кесиптик кошуну, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер