Окутуучулар билим берүү боюнча долбоорго катышып квалификациясын жогорулатты

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар билим берүү боюнча долбоорго катышып квалификациясын жогорулатты

Image

ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык байланыш институтунун доценти Диларам Мадаминова, ага окутуучу Чынара Токурова Орусиянын Г.Р. Державин атындагы Тамбов мамлекеттик университетинде «Орус тили жана орус маданияты мектеби» деп аталган долбоорго катышып, квалификациясын жогорулатып келишти.


Курс 17-26-август күндөрү болду. Окутуучулар эксперттердин мастер-класстарына жана экскурсиялык иш-чараларга да күбө болушту. Ошондой эле аталган университеттин жетекчилиги менен жолугушту. 


Бул долбоорго Франция, Испания, Босния, Герцеговина, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн мугалимдери катышты.

Фото галерея