Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай 30-cентябрда Ош мамлекеттик университетинде болуп, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров менен жолукту. Проректор окуу жайдын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди. Франциянын университеттери менен кызматташуулар тууралуу да сөз кылды.
Жолугушууда тараптар кызматташуу келишимине кол коюшту. Документтин алкагында ОшМУда Француз тили жана маданияты борбору түзүлөт. Максаты – француз тилин үйрөнүп жаткан студенттерди колдоо, сапаттуу билим ресурстары менен камсыз кылуу жана француз тили менен маданиятын жайылтууга багытталган маданий иш-чараларды уюштуруу болуп саналат.
Борбор Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ачылат. Алар оңдоо жана жабдуу иштерине керектелүүчү каражаттарды, эмеректерди, IT жабдууларды, окуу материалдарын жана студенттер үчүн ресурстарды сатып алууга атайын грант бөлөт. Бул демилге ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин колдоосу менен ишке ашууда.
Ушул тапта ОшМУда Франциядан бир жылдык мөөнөткө келген эки волонтер окутуучу студенттерге билим берүүдө.