Ош мамлекеттик университетинде заманбап окутуу усулдарын жайылтуу жана окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында тренингдердин сериясы башталды.
Тренингдерде окуу жайда өткөрүлгөн кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү профессордук-окутуучулук курамга өздөрүнүн алдыңкы тажрыйбаларын бөлүшүүдө. Катышуучулар заманбап окутуу усулдары, санариптик каражаттарды колдонуу, педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүү боюнча жаңы билимдерге ээ болуп жатат.
Окутууларды «ОшМУнун заманбап лектору – 2026», «ОшМУнун заманбап окутуучусу – 2026», «Педагогикалык дебют – 2026», «ОшМУнун заманбап окуу басылмасы – 2026», «ОшМУнун заманбап электрондук окуу-усулдук комплекси – 2026» жана «ОшМУнун СӨАИ чебери – 2026» конкурстарынын жеңүүчүлөрү өткөрүүдө.
Иш-чара Окуу-методикалык камсыздоо бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулуп, бекитилген графикке ылайык университеттин бардык түзүмдөрүндө уланат.