ОшМУда Сыр-Дарьянын эл аралык күнүнө арналган форум өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Сыр-Дарьянын эл аралык күнүнө арналган форум өтүп жатат

Image

Бүгүн, 3-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Кыргызстандын суу байлыгы: Сыр-Дарья, Кара-Дарья жана Нарын дарыяларын келечек муун үчүн сактоо жана натыйжалуу пайдалануу” аттуу форум өтүп жатат.

Иш-чарада климаттын өзгөрүшүнө шартталган суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, Сыр-Дарья бассейниндеги суунун агымына климаттын тийгизген таасири, жаштардын туруктуу суу чарбасын өнүктүрүүдөгү салымы боюнча темалар талкууланды. 

Форумга мамлекеттик органдар, Улуттук илимдер академиясы, университеттер, эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, эксперттер, студенттер катышууда.

Жыйында жаштарга арналган атайын сессиялар жана окуучулар менен студенттер арасындагы конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи да орун алат.

“Долбоор март айынан тартып уюштурулуп келди. Анын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин эксперти катары тренинг, семинарларды өткөрдүк. Сары-Челекте бир жумалык жайкы лагер, Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинде акцияларды өткөрдүк. Бүгүн жалпы долбоордун жыйынтыктоочу форум өтүп жатат. Өнөктөштөр германиялык GIZ’ уюму, Жашыл алянс Кыргызстан юридикалык уюму, Нарын мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети жана ОшМУ”, –деди университеттин агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын окутуучусу Шааркан Ташбалтаева.

Долбоордун алкагында өткөрүлгөн сынактардын материалдары “Жомоктор жана кереметтер дүйнөсү” аталышындагы китепчеде жарык көрдү.

Бул форум Сыр-Дарья дарыясынын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп, GIZ’дин Борбор Азиядагы “Климаттык таасирди эске алган суу ресурстарын башкаруу” регионалдык программасынын алкагында өткөрүлдү.

 

Фото галерея