Урматтуу агай-эжейлер, ардактуу кесиптештер!
Сиздерди эң кымбат, эң ыйык кесиптердин бири мугалимдердин кесиптик майрамы — Мугалимдер күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Мугалимдик кесип — бул жөн гана билим берүү эмес, бул муун тарбиялоо, коом жаратуу, улут келечегин куруу деген чоң жоопкерчиликти камтыган милдет. Сиздердин колуңуздардан жүздөгөн, миңдеген жаштар тарбияланып чыгып, ар кандай тармактарда элибизге кызмат кылып жатышат. Бул – мугалимдин түйшүгү, сабыры жана мээнетинин баа жеткис жыйынтыгы.
Мугалим — коомдун калыптануусунда эң башкы таяныч, ар бир адамдын инсан болушундагы алгачкы таасир этүүчү күч. Ар бир ийгиликтүү дарыгердин, илимпоздун, инженер менен жазуучунун артында сөзсүз түрдө мугалимдердин мээнети турат. “Адамдын жүрөгүнө жол таба билген гана чыныгы мугалим боло алат” деген сөз бекеринен айтылган эмес.
Урматтуу окутуучулар!
Сиздердин үзүрлүү эмгегиңиздердин аркасында биздин университет өсүп-өнүгүп, илим менен билимдин сапатын арттырып келет. Ар бир лекцияңыздар, ар бир сүйлөгөн сөзүңүздөр, ар бир жасаган эмгегиңиздер — жаштардын тагдырын аныктаган олуттуу кадам. Ушундай жоопкерчиликти аркалап, чыдамкайлык, ак ниеттүүлүк жана мээрим менен эмгектенип жатканыңыздар үчүн сиздерге терең таазим.
Биздин окутуучулар — жаңычыл ойлордун алып жүрүүчүлөрү, руханий дүйнөнү байытуу аркылуу коомду өзгөртө билген агартуучулар. Ар кандай шарттарга карабастан, сапаттуу билим берүү, студенттердин потенциалын ачуу жана адеп-ахлактык тарбия берүү менен келечекти кура турган инсанды тарбиялоо сиздердин күнү-түнү токтобогон аракеттериңиздердин натыйжасы.
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, чыгармачыл ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакубатчылыкты жана бардык аракеттериңиздерди ийгилик коштошун тилейм. Ал эми ардактуу эс алууга чыккан агай-эжейлерге терең ыраазычылык билдирип, ден соолук жана бейпил күндөрдү каалайм.
Майрамыңыздар менен!