Спорт тармагындагы 105 термин кыргызча чечмеленди

Башкы Жаңылыктар

Спорт тармагындагы 105 термин кыргызча чечмеленди

Image

ОшМУнун окутуучуларынын “Спорт дүйнөсүндөгү терминдерди изилдөө, маанисин чечмелөө жана колдонуу” аталышындагы окуу колдонмосу жарык көрдү. Аны Бакыт Кулуев, Жолдубай Айткулов, Алмаз Атабаев, жана Таирбек уулу Эрлан демилгелеп, даярдаган.

Колдонмодо спорт тармагындагы 105 термин кыргызча чечмеленип берилген. Китепке баш сөз жазган Кабыл Макешов буларды айтты:

“Спорт дүйнөсүнө 40 жылдан бери аралашып, 12 олимпиадалык оюндардан (жети жайкы, беш кышкы) жана алты Азия оюндардан жеринен түз репортаж берип, спорт туралуу 20 китеп жазган спорт журналисти катары ар бир спорттун түрү өзүнүн терминологиясы менен айрымаланы турганын, баяндоо учурунда кыргызча маанисин түшүндүрүү кыйын экенин баштан кечиргем. Ошондуктан ХХ кылымдан баштап дүйнө жүзүндө спорттун көп түрү пайда болгондуктан жаңы терминдердин прогрессивдүү көбөйүшү менен спорт күйөрмандарына, адистерине анын маанисин так, даана түшүндүрүү да кыйынчылыктарды жаратып келе жатат. Бул эмгектер терминдерди ОшМУнун окумуштуу адистери абдан жеткиликтүү которгону кубандырат. Эмгек терминдердин кыргызча варианттарын байытууга чоң салым кошот деп ишенем”.

Окуу колдонмо дене тарбия адистигинде билим алып жаткан студенттерге, спорт журналисттерине, педагог-окутуучуларга жана спорт күйөрмандарына арналган.