Студенттер карыяларга кам көрүү боюнча жаңы көндүмдөрдү үйрөнүштү

Башкы Жаңылыктар

Студенттер карыяларга кам көрүү боюнча жаңы көндүмдөрдү үйрөнүштү

Image

Ош мамлекеттик университетинин экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иштер кафедрасы 1-октябрь — Карыялардын эл аралык күнүнө карата бир жумалык иш-чараларды уюштурушту. 

Ага студенттер алардын ата-энелери жана окутуучулар катышты. Мында  карыялардын өнөкөт ооруларын алдын алуу тууралуу маалыматтар берилди. Арт-терапия ыкмалары жана дене көнүгүүлөрү боюнча мастер-класстар уюштурулду.

Алсак, эгемендик алган жылдардан бери Кыргызстанда геронтология (Адамдын карылыгын, улгайган куракта организмде боло турган өзгөрүүлөрдү жана кары адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу жолдорун изилдеген илим тармагы) жаатына жетиштүү көңүл бурулбай келген. Учурда дүйнө жүзүндө улгайган адамдардын саны көбөйүп, бул көрүнүш дүйнөлүк демографиялык көйгөйгө айланган. Натыйжада өлкөдө геронтология саясатын улуттук деңгээлде жөнгө салуу зарылдыгын социалдык адистер айтышты. 

Жумалыктын негизги максаты — социалдык иштер багытындагы адистердин карыяларга карата ишмердүүлүгүнүн маанисин көрсөтүү. Коомчулуктун көңүлүн улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына буруу. Ошондой эле карыялардын коомдогу ордун жана баалуулугун белгилөө болуп саналат.

 

Фото галерея