Бүгүн, 9-октябрда Кара-Суу районунун Кызыл-Мээнет айылындагы стадиондо ОшМУнун футбол клубунун кубогу старт алды.
Спорттук иш-чараны ректор Кудайберди Кожобеков ачып, демилге окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамын футболго тартуу жана ОшМУнун футбол клубунун фан-клубун түзүү максатында
ишке ашып жаткандыгын белгиледи.
Турнирге жалпысынан 12 команда катышууда. Ар бир команда жети окутуучу жана төрт студенттен түзүлүп, 15 оюнчуга чейин каттоого уруксат берилди. Оюндар 20 мүнөттөн эки тайм форматында өтүп жатат. Иш-чаранын байге фонду — 40 миң сом. Жеңүүчү командага кубок, ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылат.
Турнир университеттин спорттук клубу жана футбол клубу тарабынан уюштурулду. Ал эми каржыны футбол клуб өз бюджетинен бөлдү.
ОшМУнун футбол клубу өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын ичинен эң алгач болуп түптөлгөн жана окуу жай тарабынан каржыланган жалгыз клуб болуп саналат. Учурда 36 упай менен лигада 6-орунда келе жатат.