Ош мамлекеттик университетинин 1-курсунда бакалвр баскычында билим алган студенттер арасында өткөн спорттук мелдеште Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун командасы жеңишке жетти.
Экинчи орунду Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту, үчүнчү орунду Экономика, бизнес жана менеджмент институту алды. Бүгүн, 14-октябрда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтүп, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Спартакиада 6-14-октябрь күндөрү университеттин спорт комплекстеринде болду. Оюндар спорттун волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол, баскетбол, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат түрлөрү боюнча өттү.
Спартакиада студенттерди сергек жашоого үндөө, студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулду.