Санкт-Петербург: «Кызматташуунун интеллектуалдык коду» конгресси жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

Санкт-Петербург: «Кызматташуунун интеллектуалдык коду» конгресси жыйынтыкталды

Image

30–31-октябрь күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн «Кызматташуунун интеллектуалдык коду» аттуу илимий-билим берүү конгресси өз ишин жыйынтыктады. 

Конгресс «Билим берүү 4.0: илимдин, технологиянын жана чыгармачылыктын интеграциясы» темасында болду. Анын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн илимпоздору, педагогдору, бийлик жана бизнес өкүлдөрү илим менен билим берүү тармагындагы тажрыйбаларды, кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты.

Эл аралык форум КМШ мамлекеттеринин илимий жана билим берүү байланыштарын чыңдоого, илимпоздордун, мугалимдердин, эксперттердин, мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн, жаш изилдөөчүлөрдүн ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө багытталган. Санарип доорундагы илимий изилдөөлөр, билим берүү технологияларындагы инновациялар талкууланды. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарына жана билим берүү мекемелерине сунуштамаларды иштеп чыгуу каралды.

Конгресстин активдүү катышуучуларынын бири ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков 30-октябрда өткөн пленардык жыйында «КМШ жана Улуу Евразия мейкиндигиндеги жогорку окуу жайлар аралык өз ара аракеттенүү Кызматташуунун интеллектуалдык коду катары» аттуу баяндама жасады.

31-октябрда «Кызматташуунун мейкиндигиндеги илимий-билим берүү коллаборациялары: өз ара аракеттенүүнүн формуласы» деген эксперттик сессияда «Мамлекеттик органдарды, академиялык жана бизнес чөйрөлөрүн интеграциялоо — Университет 4.0 концепциясына өтүү жолундагы инновациялык ыкма: ОшМУнун тажрыйбасы» аттуу презентация менен чыгып сүйлөдү.

Мындан тышкары ректор «Кызматташуудагы мамлекеттердин билим берүү жана эл аралык аракеттенүүсү» аттуу эксперттик сессияда спикер катары катышты. Ал өз сөзүндө университеттин КМШ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайлары менен өнөктөштүк багытындагы жетишкендиктерин белгиледи. Биргелешкен билим берүү, кош диплом берүү программалары, академиялык мобилдүүлүк, адистерди алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлор жана маданий кызматташуу сыяктуу тармактардагы ийгиликтерге токтолду.

Иш-чараны Орусиянын Билим берүү министрлигинин колдоосу менен КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы жана Федералдык Кеңеши уюштурду.

 

Фото галерея