BERNICA долбоорунун координатору ОшМУда аткарылган иштерге жогорку баасын берди 

Башкы Жаңылыктар

BERNICA долбоорунун координатору ОшМУда аткарылган иштерге жогорку баасын берди 

Image

Ош мамлекеттик университети Erasmus+ программасынын  BERNICA (БЕРНИКА) долбоорунун алкагында мерчемделген бардык иштерди эң жогорку деңгээлде аткарды. Мындай пикирин долбоордун координатору Кеңеш Жусупов тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров менен 4-ноябрда жолукканда айтты. 

Ал Борбор Азияда алгачкылардан болуп ОшМУ нутрициология боюнча магистратураны ачып, жолго койгонун белгиледи. Мындан ары дагы  долбоордун экинчи этабын баштоо үчүн проект жазууну сунуштады.

Эл аралык медицина факультетинде өтүп жаткан «Борбор Азиядагы медициналык билим берүүдө нутрициологияны интеграциялоо: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы эл аралык илимий жыйын 4-ноябрда жыйынтыкталат. Иш-чарага Кыргызстандан тышкары Жапония, Түркия, Орусия, Австрия, Өзбекстандан окумуштуулар келишти. Аларга окуу жайдын сертификаттары тапшырылды.

ОшМУда Erasmus+ программасынын TUTORIAL, DERECKA, HARMONEE, BERNICA, DEFA, EPCA, PAWER, Green KG жана KyrMEDU долбоорлору ишке ашууда. Бул долбоорлор окуу жайда заманбап технологиялар жана билим берүүдө инновацияларды колдоого багытталган. 

 

 

Фото галерея