QS рейтингинин 2026-жылга Азия боюнча жыйынтыктары чыгарылды. Ага ылайык, бул жылы Азия континентинен 1526 университет катышып, 550 жаңы университеттер рейтингке кирди.
Сурамжылоого 1,5 млн. академиялык эксперттер жана 520 миңге жакын иш берүүчүлөр катышкан. Elsevier платформасында жарыяланган 19.8 млн макалалар изилденген. Бул көрсөткүч QS рейтингин дүйнөдөгү эң алдыңкы рейтинг агенттигине айландырды. 2026-жылы QS рейтингине Борбор Азиядагы 73 университет катышты.
Анын ичинде Ош мамлекеттик университети Борбордук Азияда 22-орунду багындырды. Ал эми Азиядагы университеттер арасында 316-орунду ээледи. Бул жетишкендик ОшМУнун аймактагы кадыр-баркын көтөрүп, индекстелген басылмаларга катышуу, маалыматтардын жеткиликтүүлүгү, базалык эл аралык деңгээлде минималдуу болуусу сыяктуу бир катар эл аралык талаптарга жооп берерин көрсөтөт.
|
№ |
Университет |
Упай |
Азиядагы оруну |
Борбор Азиядагы оруну |
|
1 |
Кыргыз-Түрк Манас университети |
46.8 |
230 |
12 |
|
2 |
Борбор Азиядагы Америка университети |
43.4 |
262 |
14 |
|
3 |
Ош мамлекеттик университети |
39.9 |
316 |
22 |
|
4 |
Кыргыз Улуттук университети |
35 |
391 |
25 |
|
5 |
Кыргыз-Россия Славян университети |
31.8 |
450 |
27 |
|
6 |
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети |
31 |
467 |
29 |
Өткөн жылдагы QS Asia-2025 рейтингине салыштырмалуу ОшМУ бул жылы жалпы 39.9 упай топтоду. Анын ичинен негизги критерийлери болгон академиялык репутация, иш берүүчүлөр арасындагы репутация, чет өлкөлүк профессордук окутуучулук курамдын көрсөткүчү, профессордук окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчү 2025-жылга салыштырмалуу 6 упайга көтөрүлдү.
Бул натыйжалардын жыйынтыгы менен Ош мамлекеттик университети Азия университеттеринин 79,4%нан ашып өттү, өткөн жылы бул көрсөткүч 73,8% болгон.