ЭРАСМУС+ ДЕФА “Кыргызстандагы университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн семинарлар циклы 5-ноябрда жыйынтыкталды.
Акыркы вебинар Ош мамлекеттик университети менен Эл аралык Ала-Тоо университети тарабынан биргелешип уюштурулду. Иш-чарада жогорку окуу жайлардагы финансылык процесстер жана коммерциализация боюнча презентациялар жасалды.
ОшМУнун медициналык клиникасынын директору Жазгүл Иметова «ОшМУнун медициналык клиникасынын мисалында университеттеги ийгиликтүү аткарылып жаткан коммерциализация» темасында баяндама жасады. Ал эми Эл аралык Ала-Тоо университетинен Рустем Умаров өз окуу жайында жүрүп жаткан санарип процесстер тууралуу маалымат берди.
Вебинарга ОшМУдан долбоордун ишке ашырылышына жооптуу жумушчу топтун мүчөлөрү жана өлкөдөгү 40тан ашуун жогорку окуу жайдын финансы кызматкерлери катышты.