Кытайдын Шихэзи университетинин окумуштуулары Мао Сю жана Ву Чао ОшМУда айыл чарба техникаларын автоматташтыруу, роботтоштуруу, бул багытта жасалма интеллекти колдонуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар.
Мындан улам алар бүгүн, 6-ноябрда университетке атайын иш сапары менен келишти. Коноктор алгач окуу жайдын «Next Generation Hub» борбору менен таанышты. Анда ОшМУнун окутуучуларына жаңы технологиядагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу баяндама жасап, изилдөөлөрү менен бөлүштү.
Ошондой эле университеттин окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев менен тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров менен жолукту. Тараптар илимий байланышты түзүү, биргелешкен изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле «Next Generation Hub» борборунун өнөктөшү болгон Кытайдын Huibo Robotics компаниясы менен үч тараптуу долбоорлорду ишке ашырууну сүйлөштү.
Коноктор окуу жайдын Кыргыз-кытай факульетине барышат. Андан соң Өзгөн районундагы күрүч өндүрүү технологиясы менен таанышышат.