Казакстандык окутуучулар жана студенттер ОшМУда болушту

Башкы Жаңылыктар

Казакстандык окутуучулар жана студенттер ОшМУда болушту

Image

Астанадагы Кулажанов атындагы Казак технология жана бизнес университетинен улук окутуучу Галия Ахметова жана окутуучу Назгуль Джангельдина жетектеген топ академиялык мобилдүүлүк боюнча ОшМУда болушту. Алар туризм, ресторан иши жана мейманкана бизнеси багыттарында билим алып жаткан сегиз студенти менен келишкен.

Кыска мөөнөттүү мобилдүүлүккө келгендер Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун материалдык-техникалык жана илимий-педагогикалык потенциалы менен жакындан таанышты. 

Казакстандык окутуучулар “Дүйнө элдеринин көндүмдөрү, салттары жана маданияты” аттуу темада конок лекция окушту. Ошондой эле алар институттун окутуучуларынын сабактарына катышты. Коноктор үчүн Ноокат районундагы Абшыр-Ата туристтик зонасына экскурсия уюштурулду.

Иш-чара 3-ноябрдан 7-ноябрга чейин созулду. Максаты эл аралык академиялык кызматташтыкты бекемдөө, кесиптик тажрыйбалар менен алмашуу жана академиялык мобилдүүлүк программасына катышууга багытталган.   

 

Фото галерея