ОшМУнун окутуучулары ФерМУда болушту

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары ФерМУда болушту

Image

Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулары жана аспирант-магистранттары көрүнүктүү ботаник В.Махмудовдун 75 жылдыгына арналган “Өзбекстанда ботаника илиминин өнүгүү перспективалары жана көйгөйлөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. 

Алар — Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасынын, зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын окумуштуулары Орунбек Коланов, Болот Каримов, Айназик Боронбаева, Орозбай Маматкулов, Аида Дурсунбаева, Фатима Маткаримова, Жазгүл Абдырахманова. 

Пленардык жыйында доцент Орунбек Коланов “Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгү” темасында, калган окутуучулар секциялык жыйындарда баяндама жасашты.

Иш сапардын алкагында окумуштуулар академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Фергана мамлекеттик университетинин студенттерине конок лекцияларды окушту. Магистранттар жана аспиранттар окутуучулардын сабактарына катышты. Андан сырткары Өзбекстандагы бир катар жогорку окуу жайлардын тектеш кафедралары менен кызматташтык маселелери талкууланды.

Иш-чара 7-8-ноябрь күндөрү Фергана мамлекеттик университетинде уюштурулду.

Фото галерея