«Жети кабаттуу клиника» долбоорунун алкагында үч тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду

Башкы Жаңылыктар

«Жети кабаттуу клиника» долбоорунун алкагында үч тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду

Image

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте Ош мамлекеттик университети, “Мамлекеттик финансылык холдинг” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору Медициналык борбордун курулушун аяктоо боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту. 

Иш-чаранын жүрүшүндө «Мамлекеттик финансылык холдинг» коому Ош мамлекеттик университетине кепил катары чыгууда. Бул келишим долбоорду өз убагында аяктоого, клиниканын инфраструктурасын заманбап деңгээлге жеткирүүгө жана медициналык жабдуулар менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Ош мамлекеттик университети “Жети кабаттуу клиника” долбоорунун алкагында Ош шаарынын Курманжан датка көчөсү, 157-дарегине Медициналык борбор куруп жатат. Клиниканын жалпы аянты 20 миң 80 чарчы метрди түзүп, 2,08 гектар жерде жайгашкан. Жер тилкеси президенттин 2022-жылдын 13-апрелиндеги жарлыгы менен окуу жайдын карамагына өткөн.

Долбоордун негизги максаты — калкка сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн оптималдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Ал мамлекеттик жана экономикалык мааниге ээ ири социалдык долбоор катары саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, инфраструктураны модернизациялоого жана мамлекеттик клиникалар үчүн жаңы финансылык моделди киргизүүгө багытталган.

Курулуп жаткан көп тармактуу Медициналык борбор Кыргызстандын түштүк аймагы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени элге сапаттуу жана заманбап медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү кеңейет. Ал эми студенттер үчүн практикалык даярдык өтө турган заманбап база түзүлөт. Ошондой эле учурдагы инфраструктуранын жүктөмүн азайтууга, саламаттыкты сактоо системасын өркүндөтүүгө жардам берет. 

Медициналык борбор ишке берилгенден кийин көп профилдүү клиника катары кызмат көрсөтөт. 

 

Фото галерея