ОшМУда эл аралык мамилелер программасынын 25 жылдыгы белгиленүүдө

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда эл аралык мамилелер программасынын 25 жылдыгы белгиленүүдө

Image

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 12-ноябрда «Борбордук Азиядагы эл аралык мамилелердин, гуманитардык жана табиягый илимдеринин туруктуу өнүгүү контекстиндеги актуалдуу маселелери» аталышындагы илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Иш-чара Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин эл аралык мамилелер программасынын негизделгенинин 25 жылдыгына карата уюштурулду. 

Конференцияга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, дипломатиялык корпустардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Орусиядан, Түркиядан келген окумуштуулар катышып жатат.

Иш-чаранын алкагында «25 жылдык ийгиликтүү жол» аттуу видеофильм көрсөтүлдү. Анда эл аралык мамилелер программасы багытындагы адистиктерде билим алган бүтүрүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин куттуктоо сөздөрү, пикирлери жаңырды.

Пленардык бөлүгүндө профессор Канышай Нурдинова “Эл аралык мамилелер программасынын 25 жылдык жолу», профессор Байболот Абытов «Деструктивдүү идеологияларды нейтралдаштыруу маселеси» темаларында баяндама жасашты. Ал эми Түркиядагы Кыршехир Ахӣ Евран университетинен келген окумуштуу Пала Бурулкан Темиркул кызы «Борбордук Азия өлкөлөрүнө карата Европа Биримдигинин саясаты жана анын Түркия менен Түрк мамлекеттер уюмуна тийгизген таасири», ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын секретариатынын аналитиги Вячеслав Кочарян аралыктан «Кыргызстан: геосаясат жана илимдин жаңы аспекттери» темаларына токтолушту.

“Эл аралык мамилелер программасы 2020-жылы ачылган. Учурда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин  курамында иш алып барат. Аталган бөлүмдө учурда 378 студент бакалавриатта эки багыт, магистратурада үч багыт боюнча билим алышат. Андан сырткары Россиянын элдердин достугу университети, Томск мамлекеттик университети, Москва мамлекеттик университеттери менен магистратура багыттарында кош дипломдуулук программасы ишке ашып келет”, -деди Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Назгул Ражапова. 

Күндүн экинчи бөлүгүндө эл аралык мамилелер, коопсуздук, экономика, туруктуу өнүгүү, гуманитардык, социалдык жана жаратылыш илимдери боюнча секциялык иштерде баяндамалар окулат.

Фото галерея