ОшМУ менен Кореянын “Жаркын Кыргызстан” долбоору кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Кореянын “Жаркын Кыргызстан” долбоору кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Image

Ош мамлекеттик университети менен Кореянын “Жаркын Кыргызстан” долбоорунун алкагында кызматташтыкты чыңдоого багытталган жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушуу бүгүн, 14-ноябрда окуу жайда уюштурулду. Анда медайымдык иш багыты боюнча бакалавриат программасын өнүктүрүү, стратегиялык пландар жана актуалдуу муктаждыктар, медайымдык иш боюнча кесиптик стандарттарды ишке ашыруу талкууланды. Ошондой эле академиялык мобилдүүлүк, 2+2 кош диплом программасын түзүү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча сунуштар айтылды.

Жыйынга ректор Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери, факультет жетекчилери, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин өкүлдөрү, “Жаркын Кыргызстан” долбоорунун жетекчиси, Кен Хи университетинин профессору Шин Хенсук баштаган долбоордун корейлик жана жергиликтүү адистери катышты.

Жолугушуунун аягында тараптар кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүү жана кийинки кадамдардын мөөнөттөрүн аныктоо боюнча макулдашты.

“ОшМУ Кореянын “Жаркын Кыргызстан” долбооруна 2024-жылы кирген. Долбоорго ылайык медицина факультетинин базасында медайымдык иш, акушердик иш багыттарында бакалавриат билим берүү багытын түзүп, учурда билим берүү стандарты, окуу пландары, негизги билим берүү программаларын, документ иштерин кароодон өткөрүп 2024-жылы июль айында лицензия алдык. 2026-2027-окуу жылында медайымдык, акушердик  иш багыттарында кабыл алуу жүргүзүлөт”, -деди Медицина факультетинин  медициналык билим берүү программалары, эл аралык долбоордук программалар кафедрасынын башчысы Анара Матаипова. 


 

Фото галерея