ОшМУнун окутуучулары Азербайжандагы эл аралык симпозиумга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары Азербайжандагы эл аралык симпозиумга катышты

Image

Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун директору Тимур Исраилов жетектеген өкүлдөр «Финансы, бухгалтердик эсеп жана санариптештирүү» аттуу эл аралык симпозиумга катышты. 

Иш-чара 12–13-ноябрь күндөрү Баку шаарындагы Khazar университетинде жана Сумгаит шаарында Сумгаит мамлекеттик университетинде өттү.

Эки күнгө созулган симпозиумда финансы тармагынын санариптештирилиши, бухгалтердик эсептин жаңы стандарттары, экономикалык туруктуулуктун заманбап механизмдери, университеттер аралык академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды. 

ОшМУнун өкүлдөрү да баяндамалар менен чыгып, өз изилдөөлөрү, практикалык тажрыйбалары менен бөлүштү.

Делегациянын курамында финансы жана банк иши кафедрасынан доценттер Гулзат Ташмурзаева, Курманбек Исманалиев, менеджмент жана маркетинг кафедрасынан улук окутуучу Ульзана Исламова бар.

 

Фото галерея