ОшМУда 1-курстун студенттерин кабыл алуу аземдери өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда 1-курстун студенттерин кабыл алуу аземдери өтүп жатат

Image

Университеттин бардык институт, факультет, колледждеринде 1-курска студенттерди салтанаттуу түрдө кабыл алуу аземи өтүп жатат. Иш-чараларга окуу жай жетекчилиги, директор, декандар, окутуучулар жана студенттер катышууда.

Саамалыкта университеттин ички тартиптерин урматтоо жана жогорку адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоо боюнча кеңештер берилип, каалоо-тилектер айтылды. Кабыл алуу аземи концерттик программалар менен коштолууда.

Учурда ОшМУда сегиз институт, төрт факультет, бир жогорку билим берүү мектеби, бир дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору, сегиз орто кесиптик билим берүүчү колледж, төрт мектеп-гимназия бар. Жыл сайын 1000ге жакын студент (магистрант), 500гө жакын окутуучулар академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү университеттерге барып окуп, тажрыйба алмашып келет. Бул Эразмус+, Мевлана, ITEC, DAAD, Орхун, ШКУУ, «Ош декларациясы» сыяктуу программалардын жана эки тараптуу кызматташтык келишимдеринин алкагында ишке ашат. 2025-2026-окуу жылында ОшМУга жогорку, жана орто кесиптик билим берүү жана магистратурага он төрт миңден ашуун студент кабыл алынган. 

 

Фото галерея