Бүгүн, 22-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин “Ыйман” мектеп-гимназиясында окуучулар арасындагы спартакиада башталды.
Ачылыш аземинде ректор Кудайберди Кожобеков мелдеш окуучулардын спортко болгон кызыгуусун арттырарын белгиледи. Ал окуу жайдын жетишкен ийгиликтери, түзүлүп жаткан шарттар боюнча маалымат берди. Ошондой эле мелдешке катышып жаткан командаларга ийгилик каалады.
Спартакиадада ОшМУнун алдындагы “Билим”, “Кара-Суу” жана “Ноокат” гимназияларынан келген спортчулардан түзүлгөн жалпы сегиз команда күч сынашууда. Оюндар спорттун жети түрү – футбол, волейбол, ордо, аркан тартыш, кол күрөш, тогуз коргоол жана стол тенниси боюнча өтүүдө.
Жыйынтыгы бүгүн чыгарылып, жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана атайын белектер тапшырылат. Спартакиада окуучуларды сергек жашоого үндөө, мыктыларды тандоо, достукту чыңдоо максатында уюштурулду.