ОшМУда ЖОЖдордун кесиптик бирлик уюмдары үчүн семинар уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда ЖОЖдордун кесиптик бирлик уюмдары үчүн семинар уюштурулду

Image

Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын жана райондук билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары үчүн “Билим берүү уюмдарындагы кесиптик бирликтин ролу: укуктар жана милдеттер” аттуу семинар өткөрүлдү. 

Окутуу бүгүн, 26-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде уюштурулду. Иш-чараны Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов жана ОшМУнун тышкы байланыштар  боюнча проректору Курсантбек Аттокуров ачып, семинардын маанилүүлүгүн белгилешти. 

Окутууга Борбордук комитеттин аппарат кызматкерлери жана ЖОЖдордун кесиптик бирликтеринин жана райондук билим берүү мекемелеринин кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери, төрага, төрайымдары катышты. Аларга эмгек укуктары, эмгек мыйзамдары, баштапкы уюмдардын ишин натыйжалуу уюштуруу, жамааттык келишимдер жана эмгек мамилелерине тиешелүү ченемдик-укуктук актылар боюнча маалыматтар берилди. Мындан тышкары айлык акылар, аялдардын укуктары талкууланды. 

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга тастыктоочу сертификаттар тапшырылды.

Фото галерея