ОшМУда профессор Каныбек Исаков атындагы стипендия тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда профессор Каныбек Исаков атындагы стипендия тапшырылды

Бүгүн, 28-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков атындагы стипендияны тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанатка ректор Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, Каныбек Исаковдун үй-бүлөсү, жакын санаалаштары, кесиптештери, жана шакирттери катышты.

Кудайберди Кожобеков Каныбек Исаков устат агайларынын бири болгондугун белгилеп, билим берүү, илим изилдөө, жетекчилик кызматтардагы ишмердүүлүгүндө ушундай устат агайлардын жол көрсөткөн кеп-кеңештери, көрөгөчтүгү салым кошуп келерин айтты. Ал стипендияга ээ болгон студенттерди куттуктап, ийгиликтерди багындырып, кыргыз элине салым кошкон адистерден болууга чакырды.

Сынакка университеттин институт, факультет, коллеждеринин күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттери катышты. Анда алардын окуудагы жетишкендиктери, эл аралык же республикалык чыгармачыл сынактарга катышкандыгы, чыгармачылык ишмердүүлүгү жана коомдук-маданий иштердеги активдүүлүгү каралды.

Документтерди кабыл алуу эки баскыч менен өтүп, биринчисинде институт, факультет, колледждерде, экинчи этабында университеттик комиссиянын кароосунда каралды. Жыйынтыгында мыкты деп тандалып алынган он студентттин ар бирине Каныбек Исаков атындагы бир жолку сыйлык ыйгарылды. Стипендиянын өлчөмү 10 миң сом. Сыйлык алган студенттер:

  1. Мухаммедалы Мамажанов – Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун 3-курсунун студенти;
  2. Мээрим Эркинбек кызы – Филология жана маданият аралык комуникация институтунун  4-курсунун студенти;
  3. Данакер Зергербаева – Математика жана информациялык технологиялар институтунун 3-курсунун студенти;
  4. Айсель Сейтекова – Медицина факультетинин 4-курсунун студенти;
  5. Мунара Ормотаева – Эл аралык билим беруу программаларыны жогорку мектебинин 3-курсунун студенти;
  6. Айтунук Мамытова – Педагогика, искусство жана журналистика институтунун 4-курсунун студенти;
  7. Элмирбек Беделов – Индустриалдык-педагогикалык колледжинин 2-курсунун студенти;
  8. Нарсулуу Усенова – Медицина факультетинин 3-курсунун студенти;
  9. Азиза Насайдинова – Эл аралык билим беруу программаларынын жогорку мектебинин 3-курсунун студенти;
  10.  Нуризат Калысбек кызы – Педагогика, искусство жана журналистика институтунун 4-курсунун студенти.

Стипендиянын жалпы байге фонду 100 миң сомду түзүп, Каныбек Исаковдун үй-бүлөсү тарабынан каржыланды. Демилге профессордун билим берүү тармагындагы эмгегин даңазалоо жана жаштардын чыгармачылык жөндөмүн, жигердүүлүгүн колдоо максатында ОшМУ тарабынан уюштурулду.

Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Жогорку билимди ОшМУдан алган. 2006-2011-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (мурда Ош гуманитардык-педагогикалык институту болчу) ректору болуп эмгектенген. 2011-2019-жылга чейин ОшМУнун жетектеген. 2019-2020-жылдары билим берүү министри болгон. Каныбек Исаков 2020-жылдын 12-ноябрында каза болгон. Үч кыз, бир уулдун атасы болчу.

 






 

Фото галерея