ОшМУда окутуучулардын спартакиадасы өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда окутуучулардын спартакиадасы өтүп жатат

Ушул күндөрү университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлеринин арасында XXXIII спартакиада өтүүдө. 

Мелдештерге ректораттын, институттардын, факультеттердин, колледждердин 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогоркулар арасында түзүлгөн командалары катышууда. Оюндар декабрь айы ичи дем алыш күндөрү өтөт. Командалар спорттун сегиз түрү – волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, тогуз коргоол, кичи футбол, аркан тартыш жана шахмат боюнча күч сынашууда.

Ачылыш аземинде окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков сөз сүйлөп, спартакиада ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү максатында уюштурулуп келерин белгиледи.

Быйылкы жылы спартакиада жогорку жана кичи деп эки лигага бөлүнүп өткөрүлүүдө. Оюндарды жалпы байге фонду – 240 миң сом. Жыйынтыгы жыл соңунда чыгарылат.

 

Фото галерея