ОшМУнун «Креатив хаб» кружогу эл аралык фестивалга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун «Креатив хаб» кружогу эл аралык фестивалга катышты

Image

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын «Креатив хаб» кружогунун студенттери жана кафедра башчысы Гулмира Жутанова баштаган делегация Анжиян мамлекеттик чет тилдер институту уюштурган эл аралык фестивалга катышты.

Фестиваль 29-ноябрда өттү. 14 өлкөдөн келген катышуучулар улуттук маданий салттарды жана улуттук тамак-аштарды, оюн-зоок, чыгармачылык номерлерди тартуулашты. Мында алар үчүн маданий баарлашууга жана тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү.

ОшМУнун делегациясы кыргыз маданиятын таанытуу, студенттердин тажрыйбасын кеңейтүү жана улуттар аралык байланышты чыңдоо багытында иш-чарага жигердүү катышты. Ошондой эле эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. 

Иш-чара окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, улуттар аралык достукту өнүктүрүү, маданият аралык байланыштарды бекемдөө максатында уюштурулган.

 

Фото галерея