Бүгүн, 2-декабрда Ош мамлекеттик университети менен Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Helvetas Swiss Intercooperation уюму ишке ашырып жаткан «Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Иш-чарага долбоорунун жетекчиси Кристиан Вагнер, билим берүү боюнча эл аралык эксперт Ханс Шустередер, долбоордун Ош облусу боюнча координатору Гүлжамал Чокморова катышты. Ал эми ОшМУ тараптан ректор Кудайберди Кожобеков, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, окуу жайдын Бизнес паркынын директору Эрлан Камалов жана тиешелүү структура жетекчилери катышты.
Меморандум төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
Эки тарап келишимдин алкагында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, тренерлерди сертификациялоо, өз алдынча баалоо механизмдерин киргизүү, текстиль жана тигүү, курулуш, айыл чарба, «жашыл» көндүмдөр боюнча кыска курстарды иштеп чыгуу, студенттер, бүтүрүүчүлөр үчүн стажировкаларды, практикалык окутууну жана карьералык колдоону уюштуруу багыттарында иш алып барышат.