Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институнун окумуштуулары 28-30-ноябрь күндөрү Алай районундагы Памир-Алай айыл аймагынын Талды-Суу айылынын «Тел-Кум» аймагында илимий экспедицияда болушту.
Изилдөөнүн негизги максаты – аймактын геомофологиялык өзгөчөлүктөрүн, топурак катмарын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын биоартүүлүгүн, келгин канаттуулардын учуп өтүү (миграциялык) жолдорун аныктоо болду. Экспедициянын курамында окумуштуулар Абдиманнап Абдыкааров, Кутманалы Стамалиев, Абдурашит Низамиев, Сапарбай Абжамилов, Болотбек Каримов, Үсөн Атабеков жана Улан Камчиев бар. Алардын маалыматы боюнча, аталган аймакта өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын түрдүк курамы аныкталды. Аны инвентаризациялоо үчүн тиешелүү маалыматтар институттун лабораториясында аныкталууда.
Бул илимий сапар ушул жылдын сентябрь жана октябрь айларында да уюштурулган. Долбоор «БЕК-Кыргыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Дайырбек Идрисовдун ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековго жолдогон катынын негизинде ишке ашкан. Кайрылуу катта келечекте Талды-Суу айылынын «Тел-Кум» аймагынын 100 гектар аянтына кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электростанциясын куруу пландалгандыгы айтылган. Мындан улам компания аймактагы өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсүнүн биоартүрдүүлүгүн, Кызыл китепке кирген түрлөр жана канаттуулардын миграциялык жолдоруна тоскоолдук жаратпай тургандыгы тууралуу илимий маалыматтарды тактап берүүнү суранышкан.
Университеттин окумуштуулары изилдөөнүн жыйынтыгын буйрутма берген мекемеге өткөрүп беришти.