Ош мамлекеттик университетинин орус тили жана салыштыр 3-7-декабрь күндөрү Орусиядагы Элдер достугу университетинде уюштурулган тажрыйба алмашуу программасына катышты.
Программа теориялык лекцияларды, практикалык мастер-класстарды камтып, катышуучулар заманбап башкаруу ыкмалары, билим берүүдөгү инновациялык технологиялар жана окутуунун эффективдүү моделдери тууралуу маалымат алышты.
Сессияларда билим берүү мекемелерин азыркы шартта башкаруу, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, лингводидактика жана маданияттар аралык коммуникациядагы жаңы тенденциялар талкууланды.
Ошондой эле катышуучулар Москвадагы мектептердин иши менен таанышып, робототехника, кулинария, тигүүчүлүк, медайымдык сыяктуу багыттар боюнча кошумча билим берүүчү кружоктордун ишин көрүштү.
Венера Суркеева сапар ага кесиптик байланыштарды түзүүгө, жаңы тажрыйба топтоого жана заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк болгонун белгиледи.