Бүгүн, 9-декабрда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясынын академиги, химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир Мурзубраимовдун 85 жылдык мааракеси белгиленди.
Иш-чарага жергиликтүү бийликтин, облустук аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү, илим жана маданият кызматкерлери, замандаштары курсташтары, шакирттери жана окуу жайдын жамааты катышты.
Маараке академиктин өмүрүн жана ишмердүүлүгүн чагылдырган видео баян менен башталып, коноктор анын кыргыз илими, билим берүүсүнө жана коомго кошкон салымы тууралуу сөз кылышты. Ошондой эле ОшМУнун таланттуу студенттеринин концерттик программасы тартууланды.
Университеттин ректору Кудайберди Кожобеков куттуктоо сөзүндө Бектемир Мурзубраимов 1998-2005-жылдары ОшМУну жетектеп турган учурда билим берүү, илим изилдөө, курулуш, инфраструктура жаатында өсүүлөр мол болгондугуна токтолду. Мындан тышкары окуу жайдын тарыхында көп жакшылыктардын баштоочусу жана түптөөчүсү катары белгилүү экендигин кошумчалады.
Жыйындын жүрүшүндө профессорлор Гүлбадан Матиева “Академик Б.Мурзубраимовдун ОшМУнун жана Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы ишмердүүлүгү”, Таасилкан Жумабаева «Бектемир Мурзубраимов: коомдук-саясий ишмер, мекенчил инсан”, Абдурашит Низамиев “Академик Бектемир Мурзубраимовдун илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгү: ийги изденүүлөр, ишке ашкан идеялар, ири ийгиликтер” темаларында баяндама жасашты.
Бектемир Мурзубраимов 1940-жылы 12-декабрда Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылында туулган. Эмгек жолунда Ош пединститутунда ага окутуучу, доцент, химия кафедрасынын башчысы, институттун проректору, 1986-жылы табигый география факультетинин деканы, 1988-1990-жылдары парткомунун катчысы, 1990-жылда декан болуп иштеген. 1993-1998-жылдары Ош технологиялык университетинин ректору, 1998-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалаган. ОшМУнун материалдык-техникалык базасын чыңдап, билим берүүнүн сапатын жакшырткан. Үч жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Борбор Азиядагы билим берүү жаатында абройлуу ийгиликтерге жетишкен.
Анын илимий ишмердүүлүгүндө 300дөн ашуун макала, 20 окуу куралы жана монографиялар бар. 30дан ашык окумуштуулардын диссертацияларын коргоосуна жетекчилик кылган. Академик мамлекеттик жана коомдук иштерде да активдүү болуп, III даражадагы “Манас” ордени, КМШнын “Достук” ордени жана бир катар илимий сыйлыктар менен сыйланган.