Быйыл тогуз студент президенттик стипендияга ээ болду. Бул Кыргызстандагы эң жогорку жана абройлуу студенттик сыйлык.
нда AVN программасынын жыйынтыгында “ОшМУнун TOP–20 студенти” аныкталып, ар бирине 10 миң сом жана баалуу белектер тапшырылды.
![]()
Бул жылдагы өзгөчө жаңылык Каныбек Исаков атындагы стипендиянын биринчи жолу ыйгарылышы болду. Он студент 10 миң сомдон бир жолку сыйлык алды.
![]()
Олимпиада жана сынактарда да студенттерибиз алдыга чыкты. 2025-жылы XII аймактык олимпиадага 100дөй студент катышып, анын тең жарымы жеңүүчү болду. Мындан тышкары 1-курска кабыл алынган студенттер медициналык клиникадан толугу менен акысыз кароодон өтүштү. Бул – окуу жайыбыздын аларга болгон камкордугу жана жыл сайын кеңейген мүмкүнчүлүктөрдүн бири.
ОшМУ – студенттерине кам көргөн, талантты баалаган университет!