Быйыл тогуз студент президенттик стипендияга ээ болду. Бул Кыргызстандагы эң жогорку жана абройлуу студенттик сыйлык.
![]()
Ал эми Нобель сыйлыгы аталып калган «Атуулдук стипендия» 10 студентке ыйгарылды. Алар бир жыл бою айына 12 миң сомдон алышат. 2024–2025-окуу жылында AVN программасынын жыйынтыгында “ОшМУнун TOP–20 студенти” аныкталып, ар бирине 10 миң сом жана баалуу белектер тапшырылды.
![]()
Бул жылдагы өзгөчө жаңылык Каныбек Исаков атындагы стипендиянын биринчи жолу ыйгарылышы болду. Он студент 10 миң сомдон бир жолку сыйлык алды.
![]()
Олимпиада жана сынактарда да студенттерибиз алдыга чыкты. 2025-жылы XII аймактык олимпиадага 100дөй студент катышып, анын тең жарымы жеңүүчү болду. Мындан тышкары 1-курска кабыл алынган студенттер медициналык клиникадан толугу менен акысыз кароодон өтүштү. Бул – окуу жайыбыздын аларга болгон камкордугу жана жыл сайын кеңейген мүмкүнчүлүктөрдүн бири.
![]()
ОшМУ – студенттерине кам көргөн, талантты баалаган университет!