19-декабрда Манас шаарында студенттер арасында волейбол боюнча мелдеш өтүп, анда Ош мамлекеттик университетинин студенттик курама командасы чемпион аталды.
Турнир К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин биринчи ректору, белгилүү илимпоз Канторо Токтомаматовдун жаркын элесине арналды. Мелдешке Ош, Манас жана Баткен шаарларындагы жогорку окуу жайлардан жалпы алты команда катышты. Финалдык беттеште ОшМУ Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин командасын 2:0 эсебинде жеңип, башкы байгени жеңип алды.
Команданы №2 факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын ага окутуучусу Тайирбек уулу Эрлан жетектеп барды.
Турнирдин жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлеген командалар жана мыкты оюнчулар кубок, медаль, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.