Өзгөчө макам: ОшМУ 2025-жылы кандай иштерди жасады?

Башкы Жаңылыктар

Өзгөчө макам: ОшМУ 2025-жылы кандай иштерди жасады?

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Ош мамлекеттик университетине өзгөчө макам берилген.

Бул макам окуу жайга башкарууда, каржылоодо жана окуу процессинде кеңири автономия берди. Университет өзүнүн ички түзүмүн, кадр саясатын, окуу программаларын жана финансылык иштерин өз алдынча жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Өзгөчө макамдын аркасында ОшМУ 2025-жылы эмнелерди жасады? Тизмектедик.

 

УНИВЕРСИТЕТТЕР АРАЛЫК ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГДЕ ОшМУ ТОП КАНЧАДА?

2025-жыл Ош мамлекеттик университети үчүн ийгиликтүү жыл болду. QS Rankings Asia 2026 рейтингине кирген 1526 окуу жайдын ичинде 316, Борбор Азияда 74 университеттин ичинде 22-позицияны ээледи. 

Өзгөчө макамга ээ болгон университет билимди, илимди жана өндүрүштү бириктирип, дуалдык окутууну күчөттү. Өз алдынча стандарт түзүү, академиялык жана финансылык автономия ОшМУнун туруктуу өнүгүү модели 2023–2026 жылдарда ишке ийгиликтүү ашууда.

Эл аралык өнөктөштөр менен кош диплом программалары кеңейди. QSтин туруктуулук боюнча рейтингине 2022 университет кирип, ОшМУ курчап турган чөйрө жана коомго тийгизген таасири үчүн 1251, башкаруу боюнча 1107-позицияны ээледи. Жалпы жыйынтыгында ТОП-1500гө кирди.

Буга чейин QS Stars изилдөөсүнүн жыйынтыгында 4 жылдызга ээ болгон.

ОшМУнун негизги артыкчылыгы – илимий долбоорлорду коммерциялаштырып, инновацияга инвестиция кылганы. Окуу жайыбыз дүйнөлүк рейтингге ишенимдүү кадам таштаган, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан университет катары бааланды.

 

ОшМУ 4-МУУНДАГЫ УНИВЕРСИТЕТКЕ АЙЛАНУУ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕРДИ ИШКЕ АШЫРУУДА?

Окуу жай учурда ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ-КОММЕРЦИАЛИЗАЦИЯ коллаборациясын ийгиликтүү ишке койду. Санай турган болсок, IRCAPS илимий борбору ачылды. Анда абанын булганышы, анын ден соолукка тийгизген таасири изилденет. Ал үчүн үйдүн ичи-сыртында өлчөгүчтөр орнотулат. Борборго Токиодон окумуштуулар келип, ОшМУ адистери менен бирге изилдөө жүргүзөт.

Дагы бири, жаңы курулуп жаткан Медициналык клиниканын алдында онкологиялык ооруларды эрте аныктоо борбору иштеп баштайт. Бул жерде студенттер жана медкызматкерлер үчүн онкология, радиология, медициналык информатика боюнча жаңы программалар ачылат. Заманбап технологиялар – жасалма интеллект, биоинформатика колдонулуп, маалымат базалары жана аналитикалык системалар түзүлөт.

Илимий изилдөөлөрдү жүргүзө турган «Спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо» борбору, «Борбор Азия критикалык минералдар инновациялык борбору» жана «Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар» консалтинг борбору түзүлүп, учурда активдүү иштеп жатат.

ОшМУ – илим, инновация жана технологияны келечекке айлантып, Борбор Азияда алдыңкы орунга көтөрүлгөн университет!

 

2025: SCOPUS’КА 351 МАКАЛА ЖАРЫЯЛАНДЫ  

Кыргызстандагы илимий лидерлердин 10%дан көбү ОшМУда иштейт. Бул тууралуу билет белеңиз? Азыр аны сандар менен айтып берели.                           

Ош мамлекеттик университети илимий даражалуу окутуучулардын саны боюнча өлкөнүн алдыңкы окуу жайларынын катарында турат. 2025-жылы 5 доктордук жана 39 кандидаттык диссертация корголду. Муну менен илимдин кандитаттарынын (+PhD) жана докторлордун саны 600гө жетти. 

Быйыл 351 илимпоздун макаласы Scopus базасында индекстелген илимий басылмаларга жарыяланды. 2021-жылдан 2025-жылга чейин алты  эсеге өсүп, учурда 857 макалага жетти. 

ОшМУнун окумуштуулары Кыргызстанда илимий макалалардын саны боюнча 4-орунда турат. Алардын эмгектери дүйнөлүк алдыңкы абройлуу Q1, Q2, Q3 басылмаларында жарык көргөн. «Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы» журналынын импакт-факторы өсүп, илимий жетишкендиктер дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүүдө.

Университет илимий изилдөөлөрдү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багыттап, акыркы беш жылда ички гранттарга 51 млн сомдук долбоорлор ишке ашырылды. 2025–2026-окуу жылында университеттик деңгээлде – 30, улуттук – 3, эл аралык – 8 инновациялык долбоор ишке ашты. ОшМУ 4.0 моделине ылайык өндүрүш жана илимий долбоорлорду интеграциялап, 8 келишим түздү. 

ОшМУ – илим жана изденүүнүн борбору! 

 

2025: МЕДКЛИНИКАДА 84 УНИКАЛДУУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ 

Бөйрөк алмаштыруу, жүрөккө стент коюу, тубаса кемтикти жабуу. Булардын баары ушул жылы университетибиздин медклиникасында жасалган уникалдуу операция болуп калды. 

2025-жылы клиникада трансплантациядагы чоң жаңылык болду. Тажрыйбалуу дарыгерлерибиз орусиялык кесиптештери менен бирге эки ирет бөйрөк алмаштырды. Боор трансплантациясына да уруксат алынып, жакында ийгиликтүү ишке ашты. 

Быйыл биринчи жолу жүрөккө кардиостимулятор орнотулду. Бүгүнкү күндө 82 бейтап эндоваскулярдык метод менен операция болду. 6 000ге бейтап амбулатордук жардам алган. 6 685 кызматкер жана студент санитардык китепчелерин толтурган. 1 800 студент профилактикалык кароодон өткөн. Терапия бөлүмүндө 2 000ден ашуун бейтап дарыланса, реанимацияда 105 оор абалдагы бейтапка жардам берилди. Хирургияда 110 операция, анын ичинде 20 жүрөк-тамыр тигүү операциясы жасалды. 

«Ден соолук кербени» долбоору менен ай сайын клиника дарыгерлери 1000ге жакын айыл тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрүп турду. 

Президенттин жарлыгы менен ОшМУда жаңы 7 кабаттуу клиника курулуп бүтүп калды. Курулуш иштери толугу менен 2026-жылы аяктайт. Кампустун аянты 2 гектарды түзөт. Мында 9 багыт боюнча бөлүмдөр курулууда. 6 илимий-изилдөө жана реабилитациялык борборлор да бар. Клиника ишке кирсе четке чыгып жаткан дарыгерлердин агымы токтойт. 

ОшМУ – түштүк аймактагы эксперименталдык, илимий жана клиникалык медицинанын жаңы борборуна айланууда.  

 

ОшМУнун 100дөй СТУДЕНТИ КОШ ДИПЛОМДУУ ПРОГРАММА МЕНЕН ОКУЙТ 

2025-жылы окуу жайыбыз кош дипломдуу программаларды ийгиликтүү өнүктүрдү. Учурда Орусия, Казакстан жана Кытайдын университеттери менен 22 адистик боюнча активдүү иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө ОшМУда 20дан ашык кош дипломдук программа бар. Ал аркылуу 100дөн ашуун студент билим алууда. Анда студенттер эки жыл биздин университетте, эки жыл өнөктөш окуу жайда билим алып, бир учурда эки диплом алышат. Аталган программа 2018-жылдан бери кеңири масштабга чыкты.

Азыркы учурда окуу процессин интернационалдаштыруунун натыйжасында университетибизде алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген 10 миңден ашуун жаштар билим алышат.

Орусия, Казакстан жана Кытайдын алдыңкы университеттери менен 32 адистик боюнча келишим түзүлүп, алардын ичинен 22 адистик активдүү иштеп жатат. Биздин 12 магистрант Белгород, Томск жана Орусия элдердин достугу университетинде билим алып, эки дипломго ээ болду. 2024–2025-окуу жылында ОшМУга АКШ, Түркия, Индия, Пакистан, Корея, Жапония, Кытай жана башка өлкөлөрдөн 41 окутуучу келип, эмгектенүүдө. 

ОшМУ — билим жана дүйнө менен байланышкан университет!

 

БИСНЕС ПАРК 3 МЛН СОМДОН АШЫК ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТТЫ

ОшМУда студенттик стартаптардын өсүү аянтчасы болгон «Бизнес парк» иш алып барат. 2025-жылы бул жерде 21 стартап команда колдоого алынды. G-Face жана ZN Inclusive долбоорлору 851 миң сом грант утуп алды. Жыл ичинде 602 студент тренингдерден өтсө, 51 стартап ийгиликтүү иштеп жатат. 89 адам туруктуу жумуш менен камсыз болду.

Ал эми 2025-жылы жаңыдан ачылган 14 стартап өз ишин баштады. Алар ар түрдүү булактардан инвестиция, грант, сыйлык түрүндө 3 млн 265 миң 950 сом инвестиция жана грант алып, 23 жаңы жумуш ордун түздү. 

Бүгүнкү күндө Бизнес парк тарткан инвестициянын жалпы көлөмү 16,5 миллион сомдон ашты.

ОшМУ – стартаптардын башаты!

 

ОшМУнун 1000ДЕН АШУУН СТУДЕНТИ АЛДЫҢКЫ ОКУУ ЖАЙЛАРДАН БИЛИМ АЛЫП КЕЛДИ 

2025-жылы университетибиз эл аралык байланыштарын дагы да кеңейтти. 2024-2025 окуу жылында 523 чет өлкөлүк студент жана окутуучу бизден билим алып кетти. Ал эми соңку беш жылда бул көрсөткүч 1124 түздү.

Ошол эле учурда биздин 1000ден ашуун студентибиз 30 мамлекеттин 300дөн ашык алдыңкы окуу жайларына эки тараптык келишимдердин негизинде академиялык мобилдүүлүк менен барып келди. 

Окуу жай кыргыз тилин жана маданиятын жайылтуу боюнча да чоң кадам таштады. Казакстандагы Евразия улуттук университети менен Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде биздин маданий-билим берүү борборлорубуз ачылды. Ошол эле учурда бизде казак жана өзбек тилдери борборлору, Москва мамлекеттик университетинин «Ломоносов» борбору активдүү иш алып барууда. 

Дагы бир жаңылык – окуу жайыбызга Евразиялык тармактык университеттин Координациялык кеңешинин төрагалыгы да ыйгарылды. Эми 2026-жылы аталган эл аралык уюмдарга ОшМУ төрагалык кылат. Бул – эл аралык уюмдардын университетибизге болгон ишениминин бекемделип жаткандыгынын айкын далили.

Демек, 2025 ОшМУнун глобалдык өнөктөштүктөрү бекемделген, маданий байланыштары кеңейген, эл аралык аренадан татыктуу орун алган жыл болду. 

 

2025: ОшМУ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА АЛТЫН АЛДЫ

2025-жыл окуу жайдын спорт тармагы үчүн да ийгиликтер жылы болду. Эл аралык аренадан баштасак. Мисалы, Болгарияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча U-20 дүйнө чемпионатында ОшМУнун студенти Жантөрө Мирзалиев алтын медаль утуп, Кыргызстандын тарыхында алтынчы дүйнө чемпиону болду. 

Эркин күрөш боюнча студентибиз Өскөнбай Абдисаматов Champions Cup 2025 мелдешинде күмүш медалга ээ болду. Мындан тышкары ОшМУнун студенттери Дүйнө жана Азия чемпионаттарында, эл аралык мелдештерде жеңишке жетүүдө.

Ал эми футболдо: «ОшМУ» футбол клубу Кыргыз Премьер-Лигасында 6-орунду ээледи. Клубга Foton үлгүсүндөгү автобус тапшырылды. Кара-Сууда реконструкцияланган «Манас» стадиону командага убактылуу пайдаланууга берилди.

«Университет – ОшМУ» волейбол командасы болсо, Жогорку лигада чемпион аталды. Кыз-келиндер командасы Улуттук лигада экинчи орунду, Волейбол федерациясынын президентинин кубогунда чемпиондукту жеңди. 

Баса, «БК Университет ОшМУ» баскетбол клубу да өлкө чемпионатында үчүнчү орунду алды. 

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар аралык Универсиадада ОшМУ жалпы командалык эсепте төртүнчү орунду камсыздап, спорттун он түрү боюнча байгелүү орундарды алды. Ал эми кызматкерлер арасында өткөн «Ден соолук» спартакиадасында биринчи орунду ээледи. 

ОшМУ – билим менен спортту бириктирген, чемпиондорду чыгарган университет!

 

2025: СТУДЕНТТЕРИБИЗ КАНДАЙ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ?

Быйыл тогуз студент президенттик стипендияга ээ болду. Бул Кыргызстандагы эң жогорку жана абройлуу студенттик сыйлык. Ал эми Нобель сыйлыгы аталып калган «Атуулдук стипендия» он студентке ыйгарылды. Алар бир жыл бою айына 12 миң сомдон алышат. 2024–2025-окуу жылында AVN программасынын жыйынтыгында «ОшМУнун TOP–20 студенти» аныкталып, ар бирине 10 миң сом жана баалуу белектер тапшырылды. 

Бул жылдагы өзгөчө жаңылык Каныбек Исаков атындагы стипендиянын биринчи жолу ыйгарылышы болду. 10 студент 10 миң сомдон бир жолку сыйлык алды.

Олимпиада жана сынактарда да студенттерибиз алдыга чыкты. 2025-жылы XII аймактык олимпиадага 100дөй студент катышып, анын тең жарымы жеңүүчү болду. 

Мындан тышкары 1-курска кабыл алынган студенттер медициналык клиникадан толугу менен акысыз кароодон өтүштү. Бул – окуу жайыбыздын аларга болгон камкордугу жана жыл сайын кеңейген мүмкүнчүлүктөрдүн бири.

ОшМУ – студенттерине кам көргөн, талантты баалаган университет!

 

2025: КАЙСЫ САНАРИПТИК ПЛАТФОРМАЛАР ИШКЕ КИРДИ? 

Окуу жай 2024–2029-жылдарга арналган маалыматтык-билим берүүсүн санариптештирүү боюнча чоң жол картасын иштеп чыгып, ишке киргизди.

Ушул жол картанын негизинде MyEDU автоматташтырылган окуу платформасы толук иштеп, студенттер жеке билим алуу траекториясын түзө алган алдыңкы системага айланды.

Мындан сырткары mooc.oshsu.kg санариптик билим берүү порталы иштеп жатат. Мында бакалавриат жана магистратура студенттери үчүн онлайн окуу ресурстары толук жеткиликтүү болду. Аралыктан окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн атайын видеостудия ачылып, бир жыл ичинде 300гө жакын видеосабак даярдалды.

Академиялык кызматтарды ачык жана таза жүргүзүү максатында маалым кат алуу процесси толугу менен автоматташтырылып, next.oshsu.kg платформасына өткөрүлдү. Бул– студенттер үчүн ыңгайлуу, ал эми университет үчүн коррупциялык тобокелчиликти азайткан маанилүү кадам.

ОшМУ – санариптик билим берүүнүн жаңы дооруна кадам таштаган университет!

 

ОшМУдагы КУРУЛУШ: 100 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА, 7 КАБАТТУУ КЛИНИКА 

Окуу жайыбыз бир жылда эмне куруп, эмне жаңыртканын билгиңиз келеби? Санайбыз. 

2025-жылы «Ыйман» лицейи толук оңдолуп, кайра ишке берилди. 100 орундуу балдар бакчасы модернизацияланды. Курманжан-Датка көчөсүнүн №157 дарегинде 7 кабаттуу медициналык клиника, №12 кесиптик лицейдин аймагында 2 кабаттуу практика борбору, Монуев №5 дарегиндеги ОшМУга тиешелүү жер тилкеге 9 кабаттуу жатакана учурда курулууда.  

Жыл ичинде бардык окуу корпустары оңдоп-түзөөдөн өтүп, аудиториялар, конференциялык залдар жаңыртылды. Университеттин өзүнүн эмерек цехи жаңы мебель, шкаф, стол жана стулдарды даярдап берди.

Бүгүнкү күндө ОшМУ 32 окуу имараты, 2 медициналык клиника, 10 студенттик жана 2 мугалимдер жатаканасы, заманбап спорт комплекстери, Ак-Буура жээгиндеги Congress Resort OshSU жана Ысык-Көлдөгү пансионат менен өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон университет.

ОшМУ – студент үчүн, сапаттуу билим үчүн, заманбап шарт үчүн иштеп жаткан университет!