27-февралда Индустриалдык-педагогикалык коллежинде коллеждер аралык математика олимпиадасынын үчүнчү туру өткөрүлдү.
Олимпиада биринчи курс студенттери үчүн уюштурулуп, ага STEM инновациялык коллежи, Индустриалдык-педагогикалык коллеж, Курулуш коллежи жана Айыл чарба коллежинин 22 студенти катышты. Жыйынтыгында төмөнкү студенттер мыкты деп табылды:
Биринчи даражадагы диплом:
- Муштарибону Косимова (Индустриалдык-педагогикалык коллежи). Даярдаган мугалими – Назгүл Нишанбаева.
Экинчи даражадагы диплом:
- Арууке Мамашапипова (STEM инновациялык коллежи). Окуткан мугалими – Наргиза Мурзалиева;
- Амина Кошмаматова (STEM инновациялык коллежи). Окуткан мугалими – Бүүзинат Камалидинова.
Үчүнчү даражадагы диплом:
- Мохира Халмурзаева (Индустриалдык-педагогикалык коллежи). Окуткан мугалими – Анара Токтосунова;
- Умар Жеңишбеков (STEM инновациялык колледжи). Окуткан мугалими – Гүлбарчын Жээнбаева;
- Нурмухаммед Зулунов (STEM инновациялык коллежи). Окуткан мугалими – Наргиза Мурзалиева.
Белгилей кетсек, жеңүүчүлөр IV турга катышып, Ош шаарындагы башка коллеждер менен күч сынашат.